Turmush — Ош облусунун Кара-Суу районунда бир нече адамдын өмүрүн алган жол-транспорт кырсыгы катталды.
Turmush басылмасына маалым болгондой, жол кырсык 2026-жылдын 20-апрелинде түштөн кийин Жоош айыл аймагынын Жаңы-Арык айылында болгон. Айыл башчылар бара жаткан унаа сайга кулап кетип, ичиндеги 4 адам каза болду.
Ал эми Ош облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун танатология бөлүмүнүн башчысы Арап Кожобаев тастыктаган маалыматка караганда, кечээ, 20-апрелде саат 18:00гө жакын жол кырсыктан каза болгон жарандардын сөөгү алынып келген.
«Алар тажияга бара жатып жардан кулап кетишиптир. Төртөөнүн ичинен үчөө унаанын ичинде сууга чөгүп каза болушкан. Бирөө унаадан түшүп кетип көз жумуптур. Каза болгондор 1976-1977-1962-жылкылар, ал эми унаа башкарган 1958-жылкы болгон», - деди ал.
Кара-Суу районунун акими Чыңгыз Бапаев кырсыктын кесепетинен Жаңы-Арык, Ак-Терек жана Таш-Арык айылдарынын башчылары, ошондой эле Ынтымак айыл өкмөтүнүн бир кызматкери каза болгонун тастыктады.
Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барганын, териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.
Кийинчерээк Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдиргендей, кырсык 20-апрель күнү саат 13:50 чамасында болгон.
Маалыматка караганда, Ош облусунун Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагынын Кызыл-Суу айылына бара жаткан жолдо 1958-жылы туулган А.А. өзүнүн башкаруусундагы «Hyundai Accent» үлгүсүндөгү автоунаасы менен жолдун жээгиндеги каналга түшүп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен «Hyundai Accent» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу — 1958-жылы туулган А.А. жана жүргүнчүлөрү — 1962-жылы туулган У.А., 1977-жылы туулган А.Б. жана 1976-жылы туулган М.А. денелеринен оор жаракат алып, окуя болгон жерде каза болгон.
Посмотреть эту публикацию в Instagram