Turmush — «Жалал-Абад» курортунун аймагындагы 214 гектар мисте токойду Кара-Алма-Үрүмбаш токой чарбасына өткөрүп берүү иштери башталды.
Маалым болгондой, мисте токой Манас шаардык мэриясынын муниципалдык менчигинде турган. Аталган токой чарбанын жана Манас шаарынын мэриясынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн жумушчу топ бүгүн, 20-апрелде жумушун баштады. Токойду өткөрүп алуу жана өткөрүп берүү иши жүрүүдө. Буга чейин Манас шаардык кеңеши токой аянтын өткөрүп берүүгө макулдук беришкен.
Быйылкы жылдын февраль айында президенттин да токойду сактоо жана коргоо багытындагы тескемеси чыккан. Жалал-Абад мисте токоюн жакшыртуу боюнча долбоор даярдалып жатат. Каражат президенттин Турукташтыруу фондунан бөлүнөт.
Мисте токойдун 176 гектары Кара-Алма-Үрүмбаш токой чарбасына, 214 гектары Манас мэриясынын муниципалдык менчигине карап келген. Эми мисте токой бир токой чарбанын карамагында болот.