Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Чүй облусуПанфилов району 29.12.2017 11:15 На русском

Чүйдө тууганынын паспорту менен Россияга кеткени жаткан аял кармалды

Turmush -  Бүгүн, 29-декабрда «Чалдыбар — унаа жолу» көзөмөл-өткөрмө пунктунда мамлекеттик чек ара эрежелерин бузган кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, паспорт текшерүү учурунда 1988-жылы туулган Н.М. башка бирөөнүн паспортун көрсөткөн. Ал тууганынын паспортун (ID-card) колдонуп, Россияга кеткени жаткан.

Тиешелүү документтер жазылып, катталгандан кийин кармалган аял Панфилов РИИБдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×