Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Чүй

Мекендештер: Д.Онобасов Түркияда кыргызстандыктар үчүн спорт клуб ачты (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районунун Чолок-Арык айылынын 29 жаштагы тургуну Данияр Онобасов Түркиянын Анкара шаарында спорт клуб ачып иштетип жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

- Анкарада иштеп жатканыңызга канча болду? Кыргызстандан барган мекендештерге кандай жардам көрсөтөсүз?

- Анкара шаарында иштеп жатканыма 1 жыл болду. Келгенден бери 50гө жакын кыргызды ишке киргиздим. Бул жакта ар кимге алданып калган 10го жакын кызды аэропортко алып барып, Кыргызстанга учурдум.

- Бөтөн эл, бөтөн журта эмгектенүү оордук кылбайбы?

- Анкарада канча убакыт иштесем да адилетсиздик менен күрөшүп келем. Кыйналган кыз-келиндерибизди көйгөйлөрдөн кантип арылтсам деп ойлоном.

- Кандай адилетсиздик көп кездешет?

- Биздин кыз-келиндерди кор кылышат. «Иш таап берем» деп жарым айлыгын жээп коюшат же болбосо такыр эле алдап кетишет.

- Спорт клубду кимдер менен ачтыңыз?

- Кыргыз спорт клубун ачтык. «Илбирс» деп ат койдук жана «Жаштар ынтымагы» бирикмесин түздүк. Биздин «Жаштар ынтымагы» бирикмеси эч кандай башка уюмдар менен каржыланбайт. Ар кайсы иште иштеген досторумдун акчалары менен ар кандай иш-чараларды өткөрүп турабыз. Болгону колдон келген жардамды аябай, мекен үчүн күйүнгөн жаштар бар экенине сүйүнөм. Эч кандай расмий уюм же коом эмес, жөн гана патриот балдар топтолгон бирикме. Азыр Панфилов районундагы жетим балдар үйүнө жаңы жылдык белекке акча чогултуп салууну пландап жатабыз.

- Жакында күрөш боюнча мелдеш уюштурдуңуздар. Кандай өттү?

- Мелдешти өткөрүүнү өзүм демилгеледим. Анкарадагы кыргыз балдар үчүн кыргыз күрөш мелдеши 3-декабрда өттү. Уюштуруу жаатына досум Максат Акылбеков көмөктөштү. Жеңүүчүлөр 1-2-3-даражадагы диплом жана медалдар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1616
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×