Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Чүй облусуПанфилов району 10.12.2017 08:54

Эмгек сиңирген артист Марат Козукеев бүгүн Эркин-Сай айылында жерге берилет

Turmush -  Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры орду толгус жоготууга учурады. Театрдын көркөм жетекчиси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Марат Козукеев 8-декабрда кечинде 47 жашында дүйнө салды.

Анын денеси бүгүн, 10-декабрда Панфилов районунун Эркин-Сай айылында жерге берилет. Ал атасы Жумабек Козукеевдин жанына коюлат.

Маркум буга чейин кант диабети менен жабыркап келген. Анын артында 3 баласы (2 кыз, 1 уулу) жана жубайы калды.

Марат Жумабекович 1970-жылы 8-сентябрда Бишкек шаарында чыгармачыл инсандардын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 1988-1992-жылдары Ленинграддагы Театр, музыка жана кинематография институтунун актёрлук факультетин окуп бүтүргөн. 1992-1993-жылдары Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында иштеген. 1993-жылдан бери Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында артист, режиссёр жана көркөм жетекчи катары эмгектенип келген. Ал 2002-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» ардак наамын алган. Муратбек Рыскулов атындагы, Ч.Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктардын да лауреаты болгон.

Марат Козукеев Кыргыз улуттук академиялык драма театрында көркөм жетекчи катары «Жомоктор дүйнөсүндө», «Жылдыздуу бала», «Кукломекс», «Спектакль кантип жаралат», «Алдар Көсөө», «Сыйкырдуу так», «Снеговик», «Адам жана Азезил», «Адашкандар», «Эл достугу эгиз, эр достугу деңиз», «Куру намыс», «Маңкурт», «Маараке той», «Сунуш», «Бугу эне», «Сулайман-Тоодогу сүйүү жазы», «Саманчынын жолу» жана башка спектаклдерди койгон.

Театрдын жалпы жамааты бир туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×