Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Чүй облусуПанфилов району 06.06.2017 17:36

Фото - Панфилов районунда бир күндө жоголгон 3 окуучу изделип жатат

Turmush -  Панфилов районунда кечээ, 5-июнда жоголгон 3 баланы милиция кызматкерлери издеп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Панфилов РИИБдин кызматкерлери Панфилов айылынын Подгорный көчөсүнүн №59 дарегинде жашаган 2005-жылы туулган Дүйшөнбеков Рамазан Исаевичти издөө иштерин улантууда. Ал 5-июнда болжол менен саат 18:30да үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 120-125 см, чачы күрөң түстө, оң көзүнүн алдында сөөлү бар.

Кийип жүргөн кийими: кызыл түстөгү футболка, кара түстөгү жинсы шым.

40

Ошондой эле, 2008-жылы туулган Дүйшөнбекова Тахмина Исаевна изделүүдө. Ал жогоруда көрсөтүлгөн даректе жашайт. Үйүнөн 5-июнда саат 18:30дар чамасында чыккан бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 110 см, көздөрү кара, чачы сары, чекесинде кичинекей тырык бар.

Кийип жүргөн кийими: ак түстөгү футболка, юбка, кызыл түстөгү жайкы бут кийим.

42

Панфилов РИИБи Панфилов айылынын Подгорный көчөсүнүн №78 дарегинде жашаган 2007-жылы туулган Сыдыкова Айгерим Исаевнаны издөөдө. Ал 5-июнда болжол менен саат 18:30 чамасында үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 120-125 см, көздөрү кара, чачы ийинине чейин күрөң түстө.

Кийип жүргөн кийими: көк түстөгү жинсы шым, кызыл түстөгү спорттук кийим, спорттук бут кийим.

41

Милиция жоголгон балдар тууралуу кандайдар бир маалымат билгендер болсо 0312 43-01-27, 0312 43-88-85, 0312 60-79-89, 0550 88-87-24, 0701 50-27-03 телефондору аркылуу маалымдап коюуну суранат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×