Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Чүй облусуПанфилов району 17.05.2017 12:04

Панфилов районундагы чегирткелерди жок кылуу иштери жүрүп жатат

Turmush -  Панфилов районунун Фрунзе жана Вознесеновка айыл аймактарындагы айдоо аянттарында массалык түрдө жайылып жүргөн чегирткелерди жок кылуу боюнча оперативдүү иш-чаралар жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, Фрунзеде 900 га, Вознесеновка айыл аймагында 300 га аянттагы жерге химиякалык тазалоо иштери жүргүзүлдү.

«Чымын-чиркейлерди өнүгүү фазасына чейин жок кылуу керек. Кийин кеч болуп калат. Ошондуктан сигнал түшкөн кезде эле дароо чара колдонуу керек», - деп айтылат маалыматта.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов зыян алып келип жаткан чегирткелерди жок кылуу жана тазалоо иштерин 19-майга чейин бүтүрүүнү тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×