Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Чүй облусуПанфилов району 26.02.2017 16:15

Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Т.Эралиев шайланды

Turmush -  Панфилов районундагы Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 2-жолу Төлөнаалыбек Эралиев шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, шайлоого жергиликтүү кеңештин 11 депутаты катышып, жалгыз талапкер катары катталган мурдагы айыл өкмөт башчысы Эралиев Төлөнаалыбек Кадышевичти бир добуштан шайлашты.

Т.Эралиев 1960-жылы Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылында төрөлгөн. Кесиби боюнча инженер-куруучу. Үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×