Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Чүй облусуПанфилов району 16.02.2017 13:25

Орток айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Э.Арыков шайланды

Turmush -  Панфилов районундагы Орток айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Эркин Арыков шайланды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, аталган кызматка 3 талапкер ат салышкан. Алардын ичинен Э.Арыковду айылдык кеңештеги 11 депутаттын 9у колдоду.

Эркин Арыков 1979-жылы Панфилов районундагы Кум-Арык айылында төрөлгөн. Кесиби боюнча экономист. «Аракет» жеке дыйкан чарбасын түптөгөн. 2012-жылы аталган аймакка депутат болуп, андан соң төрага болуп шайланган. 2013-жылы аталган айыл өкмөт башчысы, 2015-жылы Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп, 2016-жылы кайрадан Орток айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, 3 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×