Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Чүй

Чүй облусунда мыйзамсыз дааватка чыккандар кармалды

Turmush -  Чүй облусунда «Йакин инкар» диний агымынын жактоочулары кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 10-февралда Панфилов районунун Эркин-Сай айылындагы «Абхааб» намазканасы текшерүүгө алынган. Анда өздөрүн «Йакин инкар» диний агымынын мүчөлөрү деп атаган 13 адам уруксат кагазы жок даават иштерин жүргүзүп жүргөнү аныкталган.

Милиция кызматкерлери бул агымдын мүчөлөрүн: Ысык-Ата районунун 1982-жылы туулган тургуну Э.Ш., Чүй районунун 1992-жылы туулган тургуну Ж.Э, Токмок шаарынын 1988-жылы туулган тургуну Ч.Н. жана диний-экстремисттик мүнөздөгү 11 китепти алып жүргөн Кемин районунун 1963-жылы туулган тургунун кармашты. Табылган китептер теологиялык экспертизага жиберди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 935
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×