Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Чүй облусуПанфилов району 20.01.2017 08:55

Бишкектен Панфиловго барып жылкы уурдаган шектүү кармалды

Turmush -  Чүйдө мал уудаган эркек киши кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2016-жылы 30-ноябрда Панфилов РИИБге Орто-Арык айылынын 34 жаштагы тургуну К.А. кайрылган. Ал 19-ноябрда саат 18:30 чамасында сарайындагы жылкысын белгисиз бирөө уурдап кеткенин билдирген. Бул окуя боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (мал уурдоо) негизинде кылмыш иш козголгон.

«Унааларды издөө» операциясы учурунда Панфилов РИИБдин кылмыш иликтөөчүлөрү тарабынан кылмышка шектүү делген Бишкек шаарынын 39 жаштагы тургуну кармалган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камалды. Азыркы тапта тергөө амалдары жүрүп атат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×