Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Чүй

Панфиловдо милиционер башка адамга жардам берип жатып өзү кырсыкка учурады

Turmush -  Панфилов районундагы милиционер башка адамга жардам берип жатып өзү кырсыкка учурады. Бул тууралуу Панфилов РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-ноябрда Панфилов РИИБдин 24 жаштагы аймактык инспектору Алексей Тецкий Кайыңды шаарынан иштен кийин үйүнө кайтып келе жатып, жол четинде жаткан 30-35 жаштар чамасындагы белгисиз адамды көргөн. Ага жардам берүү үчүн унаасын токтотуп, сыртка чыккан. Ошол учурда «БМВ» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу тумандан улам аны көрбөй калып уруп кеткен.

Милиционерди аймактык ооруканага жеткиришкен. Жол четинде жатып калган адам да куткарылган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1945
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×