Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Чүй

Панфиловдо жарандык никедеги күйөөсүн бычактап өлтүрүүгө шектүү аял кармалды

Turmush -  Панфилов районунда жашаган 42 жаштагы аял жарандык никедеги күйөөсүнүн өлүмүнө шектелип кармалды.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 20-ноябрда саат 20:30 чамасында Панфиловдогу үйдөн киши колдуу болуп каза болгон адамдын денеси табылгандыгы тууралуу кабарланган. Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери курсак тарапка бычак сайылып каза болгон 57 жаштагы В.В. аттуу эркек кишинин денесин табышкан. Бул окуя боюнча ыкчам иликтөөлөрдүн жүрүшүндө кылмышка шектелип каза болгон жарандын жарандык никедеги аялы кармалды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, алар үйүндө спирт ичимдигин ичип отуруп урушуп кетишкен. Андан улам аялы күйөөсүн бычак менен сайып жиберген. Анын кесепетинен жабырлануучу окуя болгон жерде көз жумган.

Шектүү катары кармалган Ш.Т. убактылуу камакка алынып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси («Адам өлтүрүү») менен козголгон кылмыш иш иликтенип жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2186
×