Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Чүй

Панфилов районунда ымыркайын 20 миң сомго саткан жубайлар 10 жылга кесилди

Turmush -  Панфилов районунда жаңы төрөлгөн ымыркайын 20 миң сомго саткан жубайлар соттолду.

Turmush басылмасына белгилүү болгондой, өзүнүн баласын саткан аял жана аны менен чогуу жашаган адам 10 жылга, баланы сатып алган аял 9 жылга эркинен ажыратылды.

Буга чейин маалымдалгандай, ушул жылдын март айында Панфилов районунун төрөт бөлүмүнө Кайыңды айылынын 1976-жылы туулган тургуну Д.Ш. жеткирилген. Ал эркек төрөгөн. Анын ага чейин 2 баласы болгон. Эки баласы мурунку күйөөсүнөн болгондуктан алар энеси менен чогуу жашашчу эмес. Д.Ш. Ош облусунун 1984-жылы туулган тургуну К.М. менен бир жерде убактылуу жашап, иштешчү.

Алардын таанышы баласы жок болгондугуна байланыштуу жаңы төрөлгөн баласын багып алуу ниети бар экендигин айткан. Эки тарап өз ара сүйлөшүп, баланы 20 миң сомго баалашкан. Соттук териштирүү учурунда Д.Ш. ошол убакта материалдык жактан кыйналып тургандыгын айткан. Эшик-терезеси жок батирде жашап, акча төлөбөгөндүктөн электр энергиясын да өчүрүп салышкан. Ал баласын кийинчерээк алып, акчасын кайтарып берүү ниети болгондугун айткан.

Анын жарандык никедеги жолдошу: «Ымыркайды 2-3 күнгө берип турууга уруксат бергем», - деп билдирген. Аялы 20 миң сом алгандыгын ал кийинчерээк билгендигин айткан.

Панфилов РИИБ тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ымыркайдын ата-энеси кармалган.

Сот отуруму ушул жылдын 23-августунда болгон.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2587
Көп окулду
×