Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Чүй

Панфиловдо жөө жүргүнчүнү унаасы менен өлтүрө сүзгөн жигит 10 жылга жатак абакка камалды

Turmush -  Панфилов райондук соту жөө жүргүнчүнү унаасы менен өлтүрө сүзүп кеткен 24 жаштагы С.А.ны 10 жылга жатак абакка камоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 2015-жылдын 18-июлунда Бишкек—Чалдовар жолундагы жүргүнчүнү сүзүп кеткен.

«Аябай мас болчумун. Эч нерсе билбейм», - деди соттолуучу С.А.

Кырсыктын кесепетинен 33 жаштагы Б.Людмила каза болуп, 4 жаштагы тууганы В.Миронов жаракат алган. Мас айдоочу кырсык болгондон кийин жабырлануучуга жардам көрсөтпөй кетип калган. Бир нече чакырым жүрүп барып, унаасы менен даракты сүзүп токтогон.

С.А. күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Айтымында, кырсык болгон күнү Чалдовар айылында туулган күнүн белгилеп, мас абалда болгон. Иликтөө учурунда анын айдоочулук күбөлүгү да жок экендиги такталган.

Сотто каза болгон аялдын апасы соттолуучуга катуу чараларды көрүүнү суранды. Панфилов райондук соту С.Алиевди 10 жылга жатак абакка каматты.

С.Алиев уурулук кылмыштары үчүн мурда бир нече жолу соттолгондугу такталды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1916
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×