Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Чүй

Суусамыр жайлоосундагы 2 көпүрө оңдолду

Turmush -  Суусамыр жайлоосунда 2 көпүрө оңдоодон өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Талас облустук администрациядан билдиришти.

Ушул жылдын 2-июлунда Мадылбек өзөнүнө өткөрүүчү 2 көпүрө сел суулардан улам жараксыз абалга келип, ал аймакта мал баккан Талас, Бакай-Ата, Манас райондорунун тургундары суудан унаалар менен өтө албай калган. Бул маселе менен облус жетекчилигине кайрылышкан.

Көпүрөлөрдү оңдоого 150 миң сомдон ашык каражат жумшалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1389
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×