Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Чүй

Суусамырдагы көпүрө оңдоо иштерине муктаж (фото)

Turmush -  Суусамыр жайлоосундагы көпүрө оңдоо иштерине муктаж. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, көпүрөнүн абалы менен өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Ч.Төрөкулов менен Чүй облусунун Панфилов районунун жайыт комитетинини төрагасы С.Нуржанов барып таанышып келишти.

Көпүрөнүн узундугу 42 метрди, туурасы 4 метрди түзөт. Азыр авариялык абалда. Анын жыртык-тешиктеринен мал-жандык өтө албай калып жатат.

Чиновниктер аталган көпүрө оңдоло тургандыгын билдиришти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2937
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×