Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Чүй облусуПанфилов району 20.07.2016 16:58

Активист жаштар Жарды-Кайыңды капчыгайындагы «Жаш-Булак» билим форумуна чогулушту (фото)

Turmush -  Панфилов районундагы Жарды-Кайыңды капчыгайында жаштардын «Жаш-Булак» билим форум-лагери алгачкы жолу уюштурулду. Кечээ, 19-июлда форумдун катышуучулары менен өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Б.Кудайбергенов жолугушту.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, форумдун катышуучулары чатырларда жашап, ачык асман алдында окуп жатышты. Жаштарды өнүктүрүү институту тарабынан уюштурулган форумдун алкагында тренинг, мастер-класстарды, көргөзмө-жарманке жана экскурсияларды уюштуруу камтылган.

Облустун жетекчиси 2 сааттан ашык убакыт активист жаштардын ар тараптуу суроолоруна жооп берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×