Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Чүй

Панфиловдогу талаадан 5 жана 11 жаштагы эже-сиңдилерди зордуктаган деген айып тагылган шектүү өмүр бою эркинен ажыратылды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районундагы Эфиронос айылынын тургуну К.Н. эже-сиңди кыздарды талаага алдап алып барып, 11 жаштагы эжесин зордуктаганы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылды.

К.Н. 1981-жылы Панфилов районунда туулган, улуту кыргыз, билими орто, бойдок, эч жерде иштебейт жана мурда соттолгон эмес, деп билдирди Жогорку соттун басма сөз кызматы.

ЖЖЖ

Сүрөт интернеттен алынды 

«К.Н. 2015-жылдын 24-июлунда саат 17:00-20:00 чамасында Эфиронос айылынын Некрасов көчөсүндө ойноп жаткан 2004-жылы туулган С.П. менен 2010-жылы туулган С.Л. аттуу эже-сиңдилерди айылдын күн чыгыш тарабында жайгашкан ээн талаага алдап ээрчитип барган.

Талаадан кыздарды коркутуп, улуусун 3 ирет зордуктаган. Кыздардын ыйлап, суранганына карабай, аларды жыныстык мүчөсүн оозуна салууга мажбурлаган. Кыздардын кичүүсүнө ыплас аракеттерди жасаган», - деп айтылат маалыматта.

Панфилов райондук соту айыпкерди 2016-жылдын 20-январындагы өкүмү менен күнөөлүү деп таап:

- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесиндеги 4-6-бөлүмү менен өмүр бою эркиндигинен ажыратылган;

- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 28-129-беренесиндеги 4-6-бөлүмү менен өмүр бою эркиндигинен ажыратылган;

- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 1ЗЗ-беренесиндеги 3-6-бөлүмү менен 5 жылга эркиндигинен ажыратылган;

- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесиндеги 1-6-бөлүмдүн негизинде жазаларды жарым жартылай кошуу жолу менен К.Н. өмүр бою эркиндигинен ажыратылган жаза чектелген.

Жазасын өзгөчө тартиптеги түзөтүү абакта өтөсүн деп белгиленген.

Бул өкүмгө карата жазылган апелляциялык арызды Чүй облустук сотунун кылмыш жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы карады.

Анда: «Соттолуучу К.Н. 2015-жылдын 26-июлунан бери өкүм күчүнө киргенге чейин камакта жаткан ар бир күнү өзгөчө тартиптеги түзөтүү абагында кармоодо бир күндөн эсептелинип, жазаны өтөө мөөнөтүнө кошулсун. Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылсын», - деген өкүм чыгарылган.

Окуя тууралуу:

РИИБдин маалыматына ылайык, 2015-жылы 24-июлда саат 21:00 чамасында Панфилов РИИБдин нөмөөт бөлүмүнө билдирүү түшүп, Эфиронос айылынын чет жагында 2004-жылы туулган кыздын зордукталгандыгы маалымдалган.

Жабырлануучу кыздын туугандарынын билдирүүсү боюнча, окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, иликтөө иштери менен өспүрүм кыз зордукталып, экинчи өспүрүм кызды зордуктоо аракеттери болгондугу аныкталган.

Бул ишке шектүү катары жергиликтүү тургун К.Н. кармалган.

«Ошол күнү саат 17:00 чамасында эже-сиңдинин ойноп жүргөнүн айылдашы К.Н. көргөн. Айылдашы ал учурда мас абалда болгон. Ал кыздарга бал муздак сатып берип, талаадан кызыктуу нерсе көрсөтөм деп айылдын чет жагына алып барган. Талаага алып барган соң кыздардын улуусун эки ирет зордуктаган. Зордукталган кыз качып кеткен соң сиңдисин өлтүрө тургандыгын айтып чакырган. Кыздын жалбарып суранганына карабаган кылмышкер аны кайра кайтып келүүгө мажбурлаган. Сиңдиси үчүн кайра анын жанына келген кызды алысыраак жерге алып барып, кайрадан зордуктаган», - деп айтылат РИИБдин маалыматында.

Зордуктоого шектүү Н.К. окуядан кийин бир нече саат өткөн соң кармалып, окуя болгон жерден далилдүү заттар алынган.

Аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жаткан учурда шектүүнүн үй-бүлөсүн айылдаштары айылдан кууп чыккан.

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, соттун өкүмү чыккандан кийин айыпкердин үй-бүлөсү айылга кайтып келүү ниетинде.

«Ата-энеси айылга кайтып келишти. Алгач кичүү иниси келген. Андан кийин көрүүсү боюнча майып атасы келди. Жергиликтүүлөр окуядан кийин добуш берүү аркылуу чыккан чечим менен үй-бүлөнү айылдан чыгарганбыз», - деди жергиликтүү тургун.

Жабырлануучу кыз 5 бир тууган. Алардын апасы бир нече жыл мурун каза болуп, атасы жалгыз тарбиялайт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5200
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×