Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Чүй облусуПанфилов району 20.05.2016 12:07

Казакстанга тууганына тиешелүү паспорт менен кетип бараткан аял кармалды

Turmush -  «Чалдыбар-унаа жолу» көзөмөл-өткөрмө пунктунда мамлекеттик чек ара режимин бузган кыргызстандык аял кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 19-майда өткөрмө пунктта паспорт текшерүү маалында кармалган жаран өзүнүн тууганына таандык паспортту көрсөткөн. Ал Кыргызстандан Казакстанга өтүүгө аракет кылган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран Панфилов РИИБге жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×