Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Чүй облусуПанфилов району 13.05.2016 12:52

Панфилов районунда 500 гектар жерди чет элдик ишкана ижарага алды

Turmush -  Чет элдик ишкана Панфилов районундагы 500 гектар жерди ижарага алды. Ижарага алынган жерге мөмө берүүчү бак-дарактар отургузулат, деп билдирди Панфилов районунун акими Өмүрбек Ногоев.

Анын айтымына караганда, 300 гектар жерге бир нече күнөскана куруп, 200 гектарга киви, алма, курма жана жүзүм отургузуу пландалууда.

Чет элдик ишкана менен жерди ижарага алуу боюнча келишим 7 жылга түзүлдү.

«Болжол менен бир айдан соң 300 гектар жерге күнөсканаларды куруу иштери башталат. Үч айдын ичинде курулуш иштери толугу менен бүткөрүлөт. Учурда Панфилов районунда 100 миң көчөт отургузулду, дагы 100 миң көчөт алып келүү пландалууда. Ижарага берилген жерлер Фрунзе айыл өкмөтүнүн аймагында», - деди аким.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×