Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Чүй облусуПанфилов району 09.05.2016 09:42

Панфилов райондук соту өгөй кызын атып өлтүргөн шектүүнү 12 жылга кести

Turmush -  Панфилов районунун тургуну 30 жаштагы өгөй кызынын өлүмү боюнча 12 жылга эркинен ажыратылды. Вознесеновка айылынын тургуну К.Калманга карата мындай өкүмдү Панфилов райондук соту чыгарды.

Мурда маалымдалгандай, 2015-жылдын 15-июнунда үй-бүлөдөгү чыр-чатактан улам айыпкер жабырлануучуга бычак шилтеп, бирок жаракат келтирген эмес. Андан кийин айыпкер сарайга катылган куралды алып чыгып, өгөй кызын жүрөк тушка атып өлтүргөн.

«Айыпкер жайлоодо мал багып жүргөндүктөн ок атуучу куралы бар болчу. Окуядан кийин айыпкер айылдын четине качып барып, өзүн өлтүрүүгө аракет жасаган. Өзү чыгарган ок кабыргасына гана тийип, аман калган. Тергөө учурунда ал ден соолугуна байланыштуу бир нече жолу ооруканага жаткырылды», - деп айтылат РИИБдин маалыматында.

Каза болгон аялдын 3 өспүрүм баласы калды. Ал күйөөсү менен ажырашкандан кийин апасы менен өгөй атасынын үйүндө жашап жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×